Turmush — 13-мартта Кара-Көл шаарында Аталар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаар жетекчилере, мекеме-ишканаларда иштеген үлгүлүү аталар, ошондой эле балдарын өз алдынча тарбиялап жаткан жалгыз бой аталар катышты.
Мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков мыйзамга ылайык 15-март Аталар күнү катары белгиленип келерин эске салды.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Энергетикьмаданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Аталар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча бөлүнүп, 150 атанын жеке эсептерине 1000 сомдон которулду.