Turmush — Ак-Суу районундагы Боз-Булуң, Теплоключенка жана Жылдыз айылындагы мектептерге жаңы директорлор дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, үч жаңы дайындалган директор тең буга чейин катардагы мугалим болуп иштеп келишкен. Алардын эмгек стажы 15 жылдан жогору.
- Теплокюченка айылынын М.Мамакеев мектеп-гимазиясынын директору болуп Айнура Сагынбаева дайындалды;
- Жылдыз айылынын Д.Бейшенов атындагы жалпы орто билим берүү мектебине Тоолоркүл Дүйшембиева директор болду;
- Боз-Булуң айылынын Д.Туратбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору болуп Назгүл Турусбекова дайындалды.
«Алар бул учурга чейин аталган мекемелерде мугалим болуп иштеп келишкен. Жамаат менен жакшы иш алып барып, билим берүүдө ийгиликтерди жаратышат деген ишенимибиз бар», - дейт Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Жапаров.
Дүйшөмбиева Тоолоркүл Бейшембековна 1977-жыл 5-сентябрда туулган. 1999-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. 2004-жылдан тарта Д.Бейшенов атындагы мектепте география мугалими болуп иштеп келет.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...