Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылынын тургуну Мирбек Шайкыдин уулу көк бөрү ойноп, ага чыкчу аттарды таптап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Анын айтымында, 20 жылга жакын убакыттан бери көк бөрү ойнойт.
«Мен 1984-жылы Жолголот айылында төрөлгөм. Бала кезимден жылкы баласына жакын өстүм. Ал эми көк бөрү оюнуна өзүмдүн кызыгуум алып келди. Алгач Жолголот айылынан түзүлгөн "Абай" командасында ойноп баштадым. 2016-жылдан бери Ак-Суу району боюнча көк бөрү федерациясын жетектеп келем. Райондо оюнду өнүктүрүү үчүн иш алып барабыз, 2013-2015-жылдары Ак-Суу районунун курама командасын түздүк. Балдар кеңешип, команданын аталышын "Арык-Ата" деп өзгөрттүк. Команда 3 автоунаа жана акчалай сыйлыктарды утуп келдик. Автоунааларды балдарга стимул берүү максатында команданын алдыңкы оюнчуларына берип келебиз. Оюнчулар шыктанып, кийинки орунда жеңиштер болсо унаалу болуу үчүн да жакшы оюн көрсөтүшөт. Биз тарбиялаган балдар облустун жана республиканын курама командаларында ойноп жүрүшөт», - деди ал.
Ал көк бөрү оюнуна болгон сүйүүсүн эч ким токтото албастыгын белгиледи.
«Оюн учурундагы сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайсың. Эң негизгиси аргымактар жана командадагы балдар оюн талаасынан эч кандай кырсыксыз чыгышын тилейбиз. Ушул жылдын февраль айында оюнга калыстык кылып жаткам. Эки аттын ортосунда калып, бутум 5 жерден сынды. Эки жолу операция жасаттым. Буюрса, күздө өтчү оюндарга катышууну көздөп жатам. Жубайым жана жакындарым: "көк бөрүгө чыкпачы" деп суранышат. Тилекке каршы, мен бул суранычтарын аткара албайм. Анткени көк бөрү оюну менин жашоом», - деди ал.
Каарманыбыз улакчы менен аргымак төп келсе, көк бөрүдө ийгилик жараларын айтат.
«Учурда "Абай" командасынын эки аты бар. Ошондой эле ар бир улакчы өзүнө ат даярдайт. Көк бөрүгө түшчү ат элпек болушу керек. Базардан да сатып алабыз. Улак тартчу жылкы 200 миң сомдон кем болбойт. Аны сатып алган соң таптап көндүрөбүз. Даяр ат менен чыккан кооптуу. Анткени сырын билбейбиз да. Ал эми колунда багылып, чабандестик сырыңды да билген ат жакшы. Мен 2017-жылдан бери Аякс аттуу жылкыны багып келем. Учурда 5 жашта. Көк бөрүчүлөр мектебинде оюн көрсөтүп, "мыкты аргымак" наамын алды. "Сатасыңбы?" деп сурагандар көп. Бул атты таптоого канчалаган мээнеттер кетти, анын баасы жок. Биздин командадагы аттар 5 миң доллардан жогору, бирок сатылбайт», - деди ал.
Мирбек Шайкыдин уулу 5 баланын атасы. Анын жолун жолдогон уулу жана кызы бар.
«Уулум кичинекей, бирок атка өтө жакын. 6-класста окуган кызым, мен жокто жылкыларга суу берип, жем-чөбүн салат. Келечекте кыз куумайга түшүп же көк бөрү ойнойм десе каршы эмесмин», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.