Turmush — Баткен облусунда 142 мечитте Айт намаз окулат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата гарнизондук саптык кароо өткөрүп, ар бир кызматкердин кийген формалары, алып жүргөн күбөлүктөрүн бир катар текшерүүдөн өткөрүп, ИИМдин буйруктарын жеткирди.
Бул саптык кароо майрам алдында коомдук тартипти сактоо, майрамга карата кызматкерлердин даярдыктарын текшерүү, майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кырсыктарын болтурбоо максатында өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери 20-марттан 22-мартка чейин жогорулатылган күжүрмөн даярдыкта кызмат өтөйт.
Баткен облус аймагында жалпысынан Айт намазы окулуучу 142 мечит бар. Бардык мечиттерге милиция кызматкерлери бөлүнүп, коомдун коопсуздугун камсыз кылат.