Turmush — Бүгүн, 19-мартта Манас шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, иш-чарада аталган тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер Манас шаарынын мэриясынын ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле кызматкерлер үчүн кинотеатрга билеттер тапшырылды.
Жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.