Turmush — Ош облусунда далилдерди бурмалоо фактысы боюнча милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө 2022-жылы Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери атайлап далилдерди бурмалоо менен жол-транспорт кырсыгын жашырууга багытталган аракеттерди жасашкандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча 2026-жылдын 11-мартында Ош ОИИБде тергөөгө чейинки текшерүү иши катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 21-июнунда Кара-Суу районунда 2013-жылы туулган Р.А. жол-транспорт кырсыгынан каза болгондугу аныкталган.
2026-жылдын 12-мартында маркумдун ата-энеси жана окуяга тиешеси бар жарандар суракка алынып, жаш өспүрүмдү автоунаа сүзүп кеткендиги такталган.
Аталган факты боюнча 2026-жылдын 13-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү (далилдерди бурмалоо) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош ОИИБдин жана ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы биргеликте шектүү катары Араван РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.С. жана Алай РИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы, милициянын майору У.М. кармалып, сот тарабынан 2 айга камакка алынды. Учурда шектүү Т.С. ден соолугуна байланыштуу күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда ооруканада дарыланууда.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.