Turmush —
Москва районунун Беловодск айылындагы тоют базарында электротрицикл айдаган өспүрүм курактагы балдар жол кооптуулугун жаратууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалыматка караганда, айылдын Колхозная көчөсүндө мал, тоют жана жайма базар жайгашкан. 2025-жылдын декабрь айында санитардык жана ветеринардык талаптарга жооп бербеген мал базар жабылган. Ошондон улам жергиликтүүлөр тоют базарды кеңейтип, аталган көчөнүн көпчүлүк бөлүгүндө соода-сатык уюштурууда.
Анда бир түк беде 350-400 сомдон, саман 150 сомдон, тоо чөбү 280 сомдон жана силос тоютунун килограммы 9 сомдон сатылууда.
«Жаз айы келгени менен талаада чөптөр көтөрүлө элек. Мал азыр деле короодо багылууда. Тоют базарда чөп көп. Бирок баасы кымбат. Айла жок сатып алып жатабыз. Бизде ар жуманын дем алуу күндөрү тоют базар уюштурулат. Бул жерде акыркы күндөрү электротрицикл айдаган өспүрүм курактагы балдар көбөйдү.
Алар тоют ташып, күнүмдүк киреше табууда. Маселен Беловодск айылына 200- 300, Петроква айылына 500 сом жол кире менен менен тоют жеткиришет. Алардын эмгекке болгон кызыгуусуна эч ким каршы эмес. Бул тар көчөдөн унаа каттамы, оор жүк ташуучу унаалар да өтөт.
Бирок жол эрежелери боюнча түшүнүгү жок өспүрүм курактагы балдар (12-15 жаш) электротрицикл айдап жүргөнү коркунучтуу. Аны ким көзөмөлдөйт?», - деди алар.