Turmush — Напиза Ташыкулова Кара-Көл шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койду. Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Дастан Кадыров тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.
Напиза Ташыкулова буга чейин аталган башкармалыктын жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Буга чейин бул кызматты ээлеп келген Уланбек Бокоев өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.