Turmush — Ак-Суу районунда 15-март — Аталар күнүнө карата мыкты аталар аныкталды. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара райондук деңгээлде өтүп, ага мектеп менен тыгыз байланышта болуп, үлгүлүү уул-кыздарды тарбиялап жаткан аталар катышты.
«Балдарга тарбия берүүдө ата-энелердин орду чоң. Баланы коомго аралаштырып, алардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу үчүн бардык тармак менен иш алып барган аталар аз. Анткени көпчүлүк аталар жумушта болуп, бул жоопкерчилик көбүнчө энелерге жүктөлөт. Бирок жумушуна карабай, балдарынын окуусуна көңүл буруп, алардын кызыкчылыгын коргоп иш алып барган аталар да бар.
Биз аларга стимул берүү жана башкаларга үлгү көрсөтүү максатында “Мыкты ата” иш-чарасын мектептер менен биргеликте уюштурдук. Анын жыйынтыгында Өмүрбек Асанов, Жаныбек Кудабаев жана Айбек Шабиев райондо “Мыкты ата” деп табылды. Биз аларга ыраазычылык баракчаларын тапшырдык», — дейт Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери Адилет Стамов.