Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Японияда жашаган 26 жаштагы Индира Кубанычбекова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Кичинекей кезинен баштап Ош шаарында жашап, ушул жерде чоңойгон. Үй-бүлөдө төрт бир тууган. Ал жалгыз кыз, үч иниси бар. Үй-бүлөсү учурда Кыргызстанда жашайт.
«Азыркы учурда Японияда жашап, эмгектенип жатам. Бир тууган иним да Японияда билим алууда, ал Токио шаарында окуйт. Ата-энем ар дайым билим алууга жана алдыга умтулууга чоң колдоо көрсөтүп келишет.
Ал эми чет өлкөгө болгон сапарым 2018-жылы башталган. Японияга тилдик практика алмашуу программасы аркылуу келгем. Бул мүмкүнчүлүк мага Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде билим алып жүргөн учурда берилген. Японияга келүүдөгү негизги максатым жапон тилин терең өздөштүрүү, билим берүү системасы менен таанышуу жана эл аралык тажрыйба топтоо болгон. Убакыттын өтүшү менен бул өлкөдө эмгектенип, өзүмдү өнүктүрүү чечимин кабыл алдым.
Негизинен Японияда жашап, өлкөнүн бир катар аймактарын кыдырууга мүмкүнчүлүк болду. Атап айтканда, Токио, Осака, Фукуока, Окинава, Нара, Кобе жана Киото шаарларында болдум. Ар бир аймактын өзүнө гана мүнөздүү маданий өзгөчөлүктөрү, тарыхый мурастары жана жашоо ыргагы бар экенин байкадым. Айрыкча, Киото жана Нара шаарларынын тарыхый мурасы өзгөчө таасир калтырды», - деди ал.
Индира Кубанычбекова учурда Фукуока шаарында жашап, «Фукуока» эл аралык аэропортунда эмгектенет. Кесиби боюнча дипломат-котормочу. Ал япон тилинен англис тилине, англис тилинен япон тилине которот.
«Мындан тышкары Кыргызстандын Япониядагы туризм багытындагы өкүлү Иноуэ Мизуки айым менен кызматташып, Кыргызстанды таанытуу боюнча иш-чараларды уюштурууга катышып келем. Бул багытта уюштуруучулук жана котормочулук милдеттерди аткарам. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу Японияда билим алуу, иштөө, жапон тилин үйрөнүү жана виза маселелери боюнча маалымат бөлүшүп келем.
Япония бай тарыхы жана терең маданияты бар өлкө. Салт-санаа менен заманбап технологиянын айкалышы өзгөчө байкалат. Диний жактан синтоизм жана буддизм кеңири таралган. Коомдо жамааттык жоопкерчилик, тартип жана эмгекчилдик негизги баалуулуктар катары каралат.
Чет өлкөдө жашоо ар дайым жеңил боло бербейт. Тилдик жана маданий айырмачылыктар айрым учурда кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Ошондой эле адамдардын ашыкча расмийлиги бизге адаттан тыш сезилиши мүмкүн. Бирок бул айырмачылыктар жаңы тажрыйба катары кабыл алынып, адамдын дүйнө таанымын кеңейтет», - деди ал.
Мекендеш чет өлкөдөгү эсте калган окуяларын да айтып берди.
«Японияга жаңы келгенде эң таң калтырган нерсе — адамдардын өтө сылык жана тартиптүү мамилеси болду. Бир жолу дүкөнгө кирсем, кызматкер абдан терең жүгүнүп учурашты. Мен да жооп катары шашылып жүгүнүп жибердим. Бирок ал кайра жүгүнөт, мен дагы жүгүнөм. Ошентип экөөбүз бир нече секунд бою бири-бирибизге улам жүгүнүп, токтой албай калганбыз. Ал учурда бир аз уялып, эмне кыларымды билбей калгам. Сыртка чыккандан кийин гана бул жагдайды эстеп, өзүмчө каткырып күлгөм. Кийин түшүндүм — жүгүнүү маданияты бул жерде күнүмдүк адат экен. Мындай учурлар жаңы өлкөгө көнүү процессинин бир бөлүгү экенин убакыт өткөн сайын түшүнөсүң. Азыр бул окуяны жылмайып эскерем.
Келечекте өзүмдүн профессионалдык ишмердүүлүгүмдү кеңейтип, билим берүү жана маалыматтык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууну көздөйм. Айрыкча, кыргыз жаштарына чет өлкөдө билим алуу жана эмгектенүү боюнча туура багыт берүүчү демилгелерди өнүктүрүүнү максат кылам. Ошондой эле туруктуу өнүгүүгө жетишип, коомго пайдалуу салым кошууну каалайм.
Бош убактымда спорт менен машыгам, тил үйрөнөм жана өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылам», - деп сөзүн жыйынтыктады.