Turmush — Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Шыбыран айылы 3 уламыш бар. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.
Шыбыран орто мектебинин тарыхчы мугалими Кулпунса Калыбаеванын айтымында, айылда 120га жакын түтүн жашайт.
«Биринчи уламышка караганда, илгери бул аймакта бойлору өтө кыска, мык деп аталган уруунун өкүлдөрү жашаган экен. Алар эргежээл болгондуктан, өз ара сүйлөшкөндө узун бойлуу адамдарга шыбырап сүйлөп жаткандай угулчу дешет. Ошондон улам «шыбырап сүйлөгөндөрдүн жери» деген мааниде Шыбыран аталышы пайда болгон деген божомол бар.
Экинчи версияда Айдаркен тараптан бир кыз Шыбыран айылына келин болуп түшкөнү айтылат. Бир күнү аксакал небересин ээрчитип, эшек-ат менен Катыраң тоосун ашып, кызынан кабар алганы жолго чыгат. Жолдо небереси «качан жетебиз?» деп улам сурай берет. Ал учурда талаада буудай бышып, эгиндер ар түрдүү түскө боёлуп, алыстан өзгөчө кооз көрүнүп турган экен. Ошондо чоң атасы алыстан көрүнгөн өңдү көрсөтүп, «шу ыраңга жетсек, барып калабыз» дейт. Баткен диалектисинде «шу ыраң» деген сөз «ушул түс» деген маанини билдирет. Айрымдар айылдын Шыбыран аталышы ушул сөздөн келип чыгышына көбүрөөк ишенет.
Үчүнчү вариант боюнча, бул аймакта төртүнчү урпагын шыбырасы көргөн карыя жашаган экен. Балким айылдын аты ошол шыбыра сөзүнөн улам калыптанып калган деген да жоромол бар», - деди ал.
Шыбыран айылы Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунан болжол менен 10 чакырым түштүк тарапта, тоо арасында жайгашкан. Калк негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Багбанда көбүнчө өрүк өстүрүшөт. Суу тартыштыгынан улам дыйканчылыктын башка түрлөрүн өнүктүрүү кыйынга турат.