Turmush — Ак-Суу району экономикалык өнүгүүдө бул учурга чейин агрардык багытка басым жасалып келсе, акыркы жылдары бардык тармактарда өсүш байкалууда. Алсак инфраструктура жакшыртылып, бюджеттин өсүшү менен экономикалык ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Район аймагында аткарылган иштер боюнча аким Канатбек Калдаралиев аймактык кабарчы менен маек курду.
- Саламатсызбы? Канатбек Айдарбекович жыл аяктап, бардык тармактарда жыйынтыктар чыгып жаткан учур. Ак-Суу районунда 2025-жылы кандай жыйынтыктар бар?
- Саламатсызбы. Ооба, жыл жыйынтыгы менен Ак-Суу районунун аймагында коюлган тапшырмалар толук аткарылып, өнөр жай тармагында сезилерлик өсүш бар экендигин кубануу менен айта алабыз. 2025-жылы өнөр жай көлөмү 1 млрд 72 млн 181 миң сомго жетип, физикалык көлөмү 202,2% аткарылды же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге өсүш камсыздалды. Ал эми 2024-жылы өнөр жай көлөмү 732,7 млн сомду түзүп, физикалык көлөмү 130,0% аткарылган.
- Өнөр жай менен катар райондогу маселелерди чечүүдө бюджетте каражаттын болушу маанилүү. Бул жылы бюджеттин чогултулушу жана аткарылышы тууралуу айтып өтсөңүз.
- 2025-жылы салыктарды чогултуу боюнча биргелешкен бюджеттин планы 432,3 млн сом болсо, иш жүзүндө 454,3 млн сом жыйналып, 105,1% түздү же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 22,1 млн сомго көп жыйналды.
2024-жылы план (салык эмес кирешелерди кошпогондо) 295,3 млн сомду түзүп, иш жүзүндө 327,5 млн сом жыйналып, 110,9% аткарылып, пландан 39,2 млн сомго ашык болду.
Ал эми 2025-жылга бекитилген планга ылайык республикалык бюджетке 242,8 млн сом болуп белгиленип, иш жүзүндө 282,1 млн сом чогултулуп, план 116,2% аткарылды же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 39,3 млн сомго көп жыйналды.
2024-жылы республикалык бюджетке 164,6 млн сом жыйымдарды жыйноо боюнча такталган план жеткирилип, иш жүзүндө 185,2 млн сом чогултулуп, план 112,5% аткарылды же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 20,6 млн сомго көп жыйналып, өсүү темпи 168,8% түздү.
- Район аймагындагы маселелерди чечүүдө бюджет менен чектелбей, инвестиция тартуу иштери да жүрдүбү?
- 2025-жылы район боюнча жалпы капиталдык салымдар жана инвестициялык климат жакшыртылып, көлөмү 4 млрд 741 млн 830 миң 900 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 111,1% камсыздалды (өткөн жылы бул көрсөткүч 4 млрд 266 млн 730 миң 200 сом болгон).
Анын ичинен:
- республикалык бюджет — 2 млрд 529 млн 325 миң 300 сом;
- жергиликтүү бюджет — 34 млн 916 миң 900 сом;
- чет элдик кредит — 5 млн 509 миң 400 сом;
- чет элдик грант жана гуманитардык жардам — 456 млн 643 миң 100 сом;
- банктар аркылуу кредит — 43 млн 317 миң 900 сом;
- уюмдар, ишканалар тарабынан — 1 млрд 497 млн 239 миң 200 сом;
- жергиликтүү тургундар — 174 млн 879 миң 100 сом.
2024-жылга салыштырмалуу айтсам, жалпы инвестиция 4 млрд 690,4 млн сомду түзүп, анын ичинде республикалык бюджет — 454,8 млн сом, түз чет элдик салымдар — 2 млрд 980,3 млн сом, калктын турак жай каражаттары — 382,4 млн сом, чет элдик грант — 154,9 млн сом, чет элдик кредит — 32,3 млн сом, элдин салымы — 382,4 млн сом, ишканалардын каражаттары — 125,6 млн сом, жергиликтүү бюджет — 49,0 млн сом, банк аркылуу кредит — 511,0 млн сом болгон.
Инвестиция тартуу менен катар гранттар аркылуу да иш алып барып жатабыз. 2025-жылга түрткү берүүчү грантка 8 долбоор өтүп, алгылыктуу иштер жасалды, ал эми 2026-жылга карата 12 долбоор даярдалып, өткөрүлдү.
- Мындай өсүштөрдүн болушу менен райондогу жумушсуздук көйгөйү чечилдеби?
- Туура суроо берип жатасыз. Азыр президентибиздин да коюп жаткан негизги тапшырмаларынын бири — элди жумуш орду менен камсыз кылуу. Бул багытта район аймагында каттоодо турган жарандарга кесипке багыт берүү боюнча окуулар өткөрүлүп, кесипке ээ кылуу менен бирге иш менен камсыз кылып жатабыз. Жыл ичинде 335 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул чек эмес. Анткени райондо башталып жаткан ири долбоорлор аркылуу жергиликтүү элди толук иш менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.
- Эми айтсаңыз, айыл аймактарында кандай алгылыктуу иштер аткарылууда?
- Айыл өкмөттөрдүн техникалык базасын чыңдоо максатында жыл ичинде Кыдыр аке айыл өкмөтүнө — 7, Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө — 4, Хан-Теңири айыл өкмөтүнө — 4, Каракол айыл өкмөтүнө — 2 атайын техника алынды. Бул жергиликтүү бийликтин элге жеринде кызмат көрсөтүүсүн жакшыртат.
Мындан сырткары, агротехникалык механизациялаштырылган сервистик кызматтардын баасы базар бааларынан төмөн болуп, чарбалык эсепте өзүн-өзү каржылай турган жана иштеп тапкан каражаттарына кошумча айыл чарба техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар, сервистик кызматтардын түрүн көбөйтө турган «Ак-Суу» машина-трактордук станциясы түзүлдү. МТС негизинен картошка өндүрүүчү дыйкандарга жер кыртышын айдоо, малалоо, үрөн отургузуу, дарылоо, культивациялоо жана картошканын түшүмүн жыйноодо толук механизациялаштырылган сервистик кызмат көрсөтөт.
- Техниканын көбөйүшү менен жол маселесин да чечүү керек. Район аймагында бул жылы канча чакырым жол салынды?
- Ак-Суу району боюнча бекитилген планга ылайык 2025-жылга жалпы 121 км жол куруу пландалып, бүгүнкү күндө 25,6 км жол курулду. Анын ичинен:
- республикалык маанидеги жолдор — 13 км;
- жергиликтүү маанидеги жолдор — 12,6 км.
Андан тышкары, район аймагында 2,5 км тротуар курулду. Курулган жолдун 10,4 км райондук фонддун эсебинен салынып, жалпы суммасы 76,0 млн сомду түздү.
Жол тармагындагы дагы бир ири долбоор — Каракол–Эңилчек республикалык маанидеги жолдун 38-143-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жана 7 км туннель куруу болуп, бул долбоор 3 жыл аралыгында ишке ашырылат деп күтүлүүдө.
- Кийинки суроом социалдык багытта. Райондо эң көйгөйлүү болгон жер маселеси боюнча жер мунапысы жарандардын кайсы багыттагы көйгөйлөрүн чечти?
- Жер мунапысы боюнча комиссияга жалпысынан 3394 арыз кабыл алынды. Район аймагында 1468 курулуш бар экендиги аныкталып, анын ичинен 1411 курулуш мыйзамдаштырылып, мамлекеттик актылар жарандарга берилди. Чечимдердин негизинде которулган жер тилкелеринин жалпы аянты 747,9 гектарды түздү.
Райондун экономикасын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана жеке ишкерлерди колдоо максатында 17 жаранга 8,95 гектар жер аянты трансформациядан өткөрүлдү.
- Жер маселеси чечилген соң бул аймактарда инфраструктура да жакшыртылып, таза суу маселеси да чечилеби?
- Районубузда жылдан жылга таза суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп, 15 айыл таза сууга кошулду. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон Ак-Суу айылындагы таза суу маселеси быйылкы жылы чечиле баштады. Биринчи жолу сууну жер алдынан эмес, тоону тешүү жолу менен чыгаруу иштери жүргүзүлүп, долбоордун жалпы суммасы 350,0 млн сомду түзүүдө. Жаңы конуштарда жана таза суу маселеси бар айылдарда алдыда дагы иштер улантылат.
Таза суу менен катар сугат суу маселесин чечүү үчүн 2025-жылы райондук суу чарба тармагында жалпы 43,9 млн сомго чарбалар аралык каналдарды калыбына келтирүү пландалып, 36,5 млн сомдук ремонт иштери жүргүзүлүп, 11,2 км тазаланды. Район аймагындагы ички чарбалык каналдардан 10 км тазаланды.
2024-жылы суу чарба тармагында 18,6 млн сомго чарбалар аралык каналдар калыбына келтирилип, ички чарбалык каналдардын 84 км тазаланып, оңдоп-түздөө иштери райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлгөн.
- Райондо инфраструктураны жакшыртуу менен көрктөндүрүү иштери колго алынуудабы?
- «Жашыл-Мурас» кампаниясынын алкагында 2025-жылы район аймагында 32,2 гектар жерге 125 360 даана көчөт отургузулду. Анын ичинен 87 550 даана ийне жалбырактуу, 37 810 даана жазы жалбырактуу жана мөмө-жемиш көчөттөрү.
- Курулуш тармагындагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар тууралуу айтсаңыз.
- Район аймагында жалпысынан 15 социалдык объект курулуп, анын ичинен 7 объект ишке берилди. Алар: Тегизчил, Курбу, Жылдыз, Совет, Боз-Учук, Токтогул, Орлиное айылдарындагы мектептер. Ошондой эле Ак-Суу айылындагы балдар музыкалык мектеби жаңы салынып ишке берилди. Курбу жана Советское айылдарында эки бала бакча салынды.
Мындан тышкары, Ак-Суу райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен көптөн бери иштебей турган имараттардын профили өзгөртүлүп, 4 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилүү алдында турат, 3 мектепте оңдоо иштери жүрүүдө. Эмканалар боюнча айтсам, Качыбек, Пионер, Ак-Булак, Жергез, Отрадное айылдарында курулуштар башталып, анын ичинен 2 эмкана ишке берилди. Элдин дагы бир көйгөйү болгон калкты тейлөө борбору боюнча Ново-Вознесеновка айылында калкты тейлөө борбору ачылды.
- Райондун тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорго старт берилди. Бул багытта кандай иштер аткарылууда?
- Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа комплексинин курулушуна старт берилди. Келечекте бул кластер ишке ашса, туристтердин саны көбөйүп, автоунаалардын тыгынын азайтуу үчүн альтернативдүү жол талап кылынат. Бул максатта Сары-Камыш—Боз-Учук айланма жолун куруу пландалууда.
Ошондой эле быйыл райондо таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин катышуусу менен Алтын-Арашан айыл аймагында мезгил кутучасы салынды. Бул долбоор райондогу 4 айыл аймактын таштанды маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт.
- Ири долбоорлор менен катар келечек муун үчүн инвестиция жасалуудабы?
- Билим берүү тармагында окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана жаңы технологияларды колдонуу максатында район жетекчилигинин демилгеси менен «Сары-Жаз Минерал Майнинг Компани» ЖЧК менен келишим түзүлүп, алардын каржылоосу менен райондогу мектептерге 472 интерактивдүү панель алуу каралууда. Быйыл 119 даана панель келиши күтүлүүдө, калгандары кийинки жылдары камсыздалат. Натыйжада район аймагындагы мектептер 100% интерактивдүү панелдер менен камсыз болот.
- Билим берүү менен катар спорт тармагында өспүрүмдөрдү колдоо боюнча кандай иштер аткарылды?
- 2025-жылы районубузда спорт тармагында ийгиликтер арбын болду. Дүйнөлүк чемпионаттарда 7 спортчу, Азия чемпионаттарында 8 спортчу, эл аралык мелдештерде 23 спортчу, Кыргыз Республикасынын деңгээлиндеги мелдештерде 18 спортчу ийгиликтерге жетишти. Мындай жетишкендиктердин арбын болушу үчүн жергиликтүү бийлик бардык тараптан колдоо көрсөтүп жатат.
- 2026-жылга карата пландарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз.
- Биринчи кезекте калкты иш менен камсыз кылуу жана райондун экономикалык өнүгүүсү үчүн ири ишканаларды куруу зарыл. Ушул максатта 120 гектар жерге өндүрүш аймагын түзүүнү карап жатабыз. Экинчи маселе — райондо чоң автовокзал куруу. Ак-Суу айылы район борбору болгондуктан жана Каракол шаарына жакын жайгашкандыктан, учурда автобекет жок. Айылдын так ортосунда соода түйүндөрүнүн алдында кичи автобустар жана таксилер токтоп, коопсуздук эрежелери сакталбай келет. Бул маселени чечүү үчүн атайын жер бөлүнүп, автобекет курулат. Ошондой эле район аймагында айыл тургундары үй-бүлөсү менен эс алып, сейилдей турган заманбап 6 парк куруу долбоору иштелип чыгып, буйруса 2026-жылы ишке ашырылат.
- Жаңы-жылда элиңизге куттуктоонуз.
- 2025-жылы жетишкендиктин баары райондун ар бир тургунунун эмгеги. Ак-Суу районунун тургундарына, ишкерлерге, дыйкандарга, мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, жаштарга жана жалпы эле райондун өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ар бир мекендешиме терең ыраазычылык билдирем.
Жаңы 2026-жылда да ынтымакта иш алып барып, районубузду мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, элдин бакубат жашоосун жогорулатууга болгон аракеттерибизди улантабыз.
Ак-Суу районунун бардык тургундарын жана кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктайм! Ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ден соолук, береке-биримдик жана ийгиликтерди каалайм. Районубуз мындан ары да өнүгүп, өсүп-өркүндөй берсин.
Убактыңызды бөлүп маек курганыңызга рахмат.