Turmush — Талас шаарынын 48 жаштагы тургуну Гүлзира Жумабекова кыргыз көйнөктөрүн тигип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча бухгалтер.
«Ошол окуп жүргөн кезимде эле тигүүнү өз алдымча өздөштүрүп алып, окуудан алган стипендияма кездеме сатып алып, кыргыз көйнөктөрдү тигип, «Дордойдо» сатчумун.
2003-жылы Түркиянын Анкара шаарына барып, Гази университетинин модельер-дизайнер бөлүмүнө тапшырып, 4 жыл окуп аяктагам. Ал жакта калып, той көйнөктөрүн саткан салондо иштедим. 35 жашка чыкканда өзүм туулган Талас жергесине келдим. Бул жактан турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз 1 кыздуу болдук. Анан Бишкек шаарында жашадык. Пандемия учурунда Таласка келип калып, бул жакта тигүү машиналары менен ишкерлик баштап калып калдык.
Өзүм 30 жылдан бери тигүү тармагындамын. Этнокийим тигүүнү баштаганыма 1 жылдай болду. Тигүүчү машиналар жай өтүп калган үчүн кыргыз кийимдерине буйрутма көп болуп, ушул ишке толук кандуу кириштим. Буйрутмага гана алып тигип келгем. Азыркы учурда өзүбүз да брендибизди чыгарганга аракет кылып жатабыз. Брендибиздин аты кызымдын атынан «А-элита» деп аталган. Этнокорсеттер, белдемчилер жана кыргыз улуттук кийимдердин баардык буйрутма менен тигип жатабыз.
Андан тышкары баш кийим, аксессуарлар, баштыктар тигилет. Алгач ушул этнобелдиктерди (корсет) тигип, жайылта баштадым десем болот. Бул идея өзүнөн-өзү эле жаралып калды. Кызыма мектепке кофта алсак, үстүндө чермий бар экен. Аны чермий кылып калтырган жокмун, корсет кылып тигип бергем. Анан кызым жактырып калып, ал кийип жүргөндү башкалар көрүп, буйрутма берип, анан мага ушундай идея жаралып, көп санда тиге баштадым. Бүгүнкү күндө тиккендерим 2 миң сомдон жогору сатылып жатат», - деди ал.