Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.12.2014 17:00

Ак-Суудагы «Күн-Чубак» бала бакчасында «Манастын тили –кыргыз тили» темасында семинар өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун «Күн-Чубак» бала бакчасында «Манастын тили –кыргыз тили» деген темада облустук окуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алардын айтымында, облустук бала бакчалардын тарбиячылары катышкан «Манастын тили-кыргыз тили» окуу семинары 3 тайпада өткөрүлүп, Манас темасына арналган иш-чаралар менен коштолду.

Окуу семинардын жүрүшүндө тарбиячылар райондук «Күн-Чубак» бала бакчасынын иштери менен таанышып, тажрыйба алмашышты/

«Манас» эпосунун мисалындагы тарбиялык маанидеги иш-чаралар балдардын катышуусунда өтүп, окуу семинардын катышуучулары тарабынан жактырылды.

Ак-Суудагы «Күн-Чубак» бала бакчасында англис тилине окутуу жүргүзүлөт, ошондой эле, чакан куурчак театры уюштурулган.

Бала бакчада бүгүнкү күндө 396 бала тарбияланат, 12 тарбиячы иштейт. Жамаат билим берүү министрлигинин 240 сааттык программасы менен балдарды мектепке даярдап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×