Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.12.2014 14:54

Ак-Суу районундагы «Келечек» балдарды калыбына келтирүү борборунда майыптар күнү белгиленди

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы «Келечек» калыбына келтирүү борборунда майыптар күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу «Келечек» балдардын калыбына келтирүү борборунан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, бул борбордо майыптар күнүнө арналган иш-чара болуп, ага райадминистрациянын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Суу райадминистрация башчысы Ж.Байсейитов борбордун тарбиялануучуларына 1000 сомдон тапшырды.

Айыл өкмөтү 15 миӊ сом берди. Демөөрчүлөр тарабынан балдар үчүн ар кандай белектер тапшырылды. Балдар тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

«Келечек» калыбына келтирүү борбору үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ачылды. Айыл аймагындагы 5 айылдын мүмкүнчүлүгү чектелген балдары мындагы тарбиячы психологдордон эстетикалык тарбия алышат, атайын усулдар менен психологиялык жардам берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×