Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.12.2014 09:56

Ак-Суудагы китепкананы учурдун талабына ылайык санариптик форматка өткөрүү керек, - министр А.Максутов

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыдыр аке атындагы Ак-Суу край таануу музейнин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган минитрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Музейдин директорунун айтымында, аталган мекеме 3 жылдан бери иштеп келет. Музейде сак, усун мезгилиндеги экспонаттар, Совет доорундагы жана Санкт-Петербургдан алынып келген Кыдыр акенин сүрөттөрү сакталып турат. Музейге Кыдыр акенин туугандары жигердүү жардам берип келет.

Ошондой эле, министр драматург Касымалы Жантөшевдин чыгармачылыгына байланыштуу буюмдар сакталган жазуучунун бурчу менен таанышты. Аларды көрүү менен бирге министр каалоо-тилек китепчесине каалоо жазып калтырды.

Андан соң министр Ч.Айтматов атындагы райондук китепканада болду. Мекеменин жетекчиси билдиргендей, китепкананын китеп фондунда 59000 китеп бар. Окурмандардын жалпы саны 2985, айылдарда 24 филиалы бар. Ошондой эле, китепкана жакында жаңы имаратка көчүрүлүү алдында.

Жетекчилик жаңы китеп текчелери, эмерек жана фондго китеп алууга каражат бөлүүнү өтүндү.

Маалым болгондой, китапкананын кызматкерлери өз алдынча куурчак театрын уюштурушкан.

Министр өз кезегинде аларга ийгилик каалоо менен китепкананы учурдун талабына ылайык санариптик форматка өткөрүү керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×