Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.11.2014 10:07

Ак-Суу районунун мектептеринде атактуу инсандар жөнүндө дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин демилгеси менен уюштурулган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун орто мектептеринин 5-11-класстын окуучуларынын арасында «Ак-Суу районунан чыккан атактуу инсандар -Кыдыр Аке, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Касымаалы Жантөшев, Зуура Сооронбаева, Шаабай Азизов» деген аталыштагы мыкты дилбаян боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Сынак эки тур менен өткөрүлүп, биринчи турда райондогу 35 мектептен миңден ашык окуучулар дилбаян жазып, алардын ичинен ар бир мектептен бирден окуучу тандалып алынды. Райондо экинчи турда эссе жазышып, эң мыкты делген 6 окуучу аныкталды.

Сынактын жыйынтыгында ар бир сынакка катышкан окуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды. Андан сырткары, 3-орунга 3 окуучу тандалып, аларга «Балдар энциклопедиясы» китеби тапшырылды, 2-орунга чыккан 2 окуучуга уюлдук телефон тартууланса, эң мыкты деп аныкталган Сары-Камыш айылындагы Ж.Субанбеков атындагы мектептин окуучусу Карина Айбашева планшет менен сыйланды.

Ошондой эле, 6 жеңүүчү окуучу Бишкек шаарына келип, Жогорку Кеңешке, музейлерге жана башка шаардын маданий жерлерине экскурсияга барышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү мектептердин мугалимдери, айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрүп, билим берүү, жаш муунду мекенди сүйүүгө тарбиялоо багытындагы маселелер боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, сынактын негизги максаты - Ак-Суу районунун атактуу инсандарынын өмүр таржымалын, коомдук ишмердигин, чыгармачылыгын, адабиятка жана маданиятка, элине, Мекенине кошкон салымдарын өсүп келаткан муунга терең жайылтуу, мектеп окуучуларынын жүрөктөрүндө атуулдук сезимдерди ойготуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×