Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.11.2014 16:22

Ак-Суу районундагы Челпек айылынын жаш спортчулары карате-до боюнча эл аралык турнирлерде байгелуу орундарды камсыз кылышууда

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын жаш спортчулары карате-до боюнча эл аралык турнирлерге катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышууда. Бул тууралуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын машыктыруучусу Анарбек Мукашев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, Челпек айылында карате-до боюнча 25 бала машыгып жатат. Алар облустук, республикалык, эл аралык мелдешке катышып, байгел орундарды ээлеп келишүүдө.

Алсак, жакында Каракол шаарында он карате-до боюнча республикалык турнирден жемиштүү кайтышты.

Аз салмак категорияларында Райымбек Даутов жана Алишер Кеңешбеков биринчи орунду алышты. Рахат уулу Актан 30 кг салмакта ат салышып, 2-орунду ээледи. Ал эми Сүйүнбек кызы Жанара 53 кг салмакта, Адилет Исаев 30 кг салмакта 3-байгелүү орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр атайын дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты, деп маалымдай машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×