Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.11.2014 13:14

Ак-Суу районунун Шапак айылдык бала бакчасында балдардын ички талантын ачып берүүгө аракет жасалат

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылдык бала бакчасында балдардын ички талантын ачып берүүгө аракет жасалат. Бул тууралуу айыл аймагынын «Алтын балалык» балдар бакчасынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Суу районунун Шапак айылында «Алтын балалык» бала бакчасы 2013-жылы ачылган. Анда 30 бала тарбияланат. Бала бакчанын эмгек жамааты «Тушум майрамын» өткөрүшүп, ага ата–энелерин чакырышты. Балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ата-энелерин кубанычка бөлөштү. Мектепке чейинки чакан мекеменин жамаатына ыраазылык билдиришти.

«Биз бул имаратты 2 жыл чуркап жүрүп алганбыз. Бала бакча башчысы, бир тарбиячы, бир жардамчыбыз бар. Имаратты чоңойтуп алсак деген оюбуз бар. Кошуна айылдагы ата-энелер да биздин бала бакчага балдарын алып келсек дешет. Бирок орун жок. Бүгүнкү «Түшүм майрамында» балдар ар кандай айыл чарба өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер туурасында ырдап бийлеп беришти. Мындай иш-чаралар балдардын ички талантын ачып берүү максатын көздөйт», - дейт бала бакчанын тарбиячылары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×