Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.11.2014 11:57

Ак-Сууда өткөн семинарда мектептерге кошумча каражат булагын тартуу маселеси талкууланды

Turmush -  Ак-Суу районунда өткөн семинарда мектептерге кошумча каражат булагын тартуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Кара-Жал айыл аймагынын К.Эшимканов атындагы орто мектебинен маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагындагы К.Эшимканов атындагы орто мектебинде «Мектептерге кошумча каражат булагын тартуу» жөнүндө семинар өттү. Ага райондун мугалимдери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Семинар К.Эшимканов мектебинин жетекчилиги, мугалимдер жамаатынын мектептерге кошумча каражат булагын тартуудагы иш тажрыйбасынын мисалында өткөрүлүп, ал мектептин мугалимдери бул жааттагы ийгиликтери тууралуу айтып беришип, иш жүргүзүү жол жоболору менен тааныштырышты.

Мектеп жетекчилиги кошумча каражат табуу жолу менен мектептин материалдык техникалык базасын чыӊдап алууга жетишкенин айтып, ага далил катары видео көзөмөл камераларын белгилешти.

Алардын айтымында, видео көзөмөл жабдуулары жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен алынган.

Ал эми, башка каражат булактарын аталган мектептин мугалимдери эл аралык уюмдарга долбоорлорду жазуу менен тартышкан.

Семинардын катышуучулары К.Эшимканов атындагы мектептин жамаатынын мисалында кошумча каражат тартуунун жолдорун үйрөнүшүп, бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү. Белгилей кетсек, семинарга райондун 35 мектебинин мугалимдери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×