Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.11.2014 11:02

Ак-Суунун Маман айылында спорт залдын курулушуна 2 млн сом бөлүнүп, пайдубалы түптөлүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунун Маман айылында спорт залдын курулушуна алгачкы 2 млн сому бөлүндү. Бул тууралуу Маман айылынан маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ак-Суу районундагы Маман айылында спорт залдын курулушу башталып, азыр анын пайдубалы түптөлүүдө. Ал эми, кийинки курулуш иштери жазында улантылмакчы.

Курулушка быйылкы жылга мамлекеттик бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөн.

«Айылдык спорт жайынын курулушуна дагы 10 млн сом керектелет», - дешет курулушчулар.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×