Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.11.2014 16:17

Ак-Суунун гандбол боюнча курама командасы республикалык мелдештин жеӊүүчүсү деп табылды

Turmush -  Ак-Суу районунун гандбол боюнча курама командасы республикалык мелдештин жеӊүүчүсү болду. Бул тууралуу Ак-Суу райондук гандбол федерациясынан билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Беловодск шаарчасында 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун демилгеси менен кыргыз гандболчуларынын фестивалы өттү. Ага гандбол командаларынын күйөрмандары, Чүй облусунун жетекчилери, райондордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты.

Анда гандбол боюнча республикалык мелдештин кайрадан жандандырылып жатканына байланыштуу спортчуларга куттуктоо сөздөрү айтылып, гандбол оюну боюнча окуу куралы тапшырылды. Аны менен катар, бул оюнду республикалык денгээлде өтүүчү спорт оюндарынын катарына киргизүү демилгесин колдоо жөнүндө пикирлер айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын, Чүй облусундагы Москва районунун, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун гандболчулары мелдешип, Ак-Суу районунун командасы биринчиликти жеӊип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×