Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.11.2014 13:49

Ак-Суу районунун Бозбулуң айылында бала бакчаны оңдоого 3 млн 320 миң сом керектелет

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн Бозбулуң айылынын бала бакчасын оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Тамаев билдирди.

Анын айтымында, 2015-2017-жылга карата инвестиция тартуу планында бул бала бакчаны оңдоо каралган.

Ө.Тамаев билдиргендей, анын жалпы суммасы 3 млн 320 миң сомду түзөт.

«Бул бала бакчаны оңдоо үчүн Каржы министрлигине түрткү берүүчү грантынан 3 млн сом бөлүп берүү боюнча кайрылуу жөнөтүүнү пландап жатабыз. Айылдагы бала бакчаны оңдоого элдик салым 20000 сом болот» - дейт айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×