Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2014 17:39

Ак-Суу районунун дотациядагы Кара-Жал айыл өкмөтүнүн бюджети 2 млн 900 миң сомду түзөт

Turmush -  Бүгүн, 5-ноябрда Ак-Суу районуна караштуу Кара-Жал айыл өкмөтүндө 26-ачык сессиясы өттү. Анда айыл өкмөттүн бюджети 2 млн 900 миң сом экендиги айтылды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Тамаевдин айтымында, бул каражат жетишсиз. «Биздин айыл өкмөт дотациядагы айыл өкмөттөрдүн катарына кирет. Ошол себептен биз инвестиция тартууда көп иштерди жасашыбыз керек. Бардык маселелерди чечүүдө инвестиция тартуудан көз карандыбыз», - дейт айыл өкмөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×