Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2014 15:11

Ак-Суу районундагы Кыдыр Акенин музейинде 1350 экспонат бар

Turmush -  Ак-Суу районундагы Кыдыр Акенин музейинде 1350 экспонат бар. Бул тууралуу Кыдыр Акенин музейинин кызматкерлерилери маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Кыдыр Акенин музейи 2011-жылдан бери иштеп келет. «Музейдин курулушун жалпы райондун эли биргелешип курган. Курулушка райондук билим берүү бөлүмү, маданият бөлүмү, айыл аймактары жана Кыдыр Акенин урпактарынын салымы чоӊ.

Музейде 1350 экспонаттар бар. Экспонаттардын арасында даанышмандын пайдаланып жүргөн буюм тайымдары, сыйлыктары, сүрөттөрү, ал жөнүндө жазылган китептер, ал кишини көрүп калган бирге иштешкен шакирттеринин, туугандарынын эскерүүлөрү бар.

Кыдыр Акенин музейине туристтер, сырттан келген меймандар, ар кандай иш-чаралардын катышуучулары келип турушат. Бул музейдин уюштуруучулары улуу даанышмандын өмүр таржымалы келечек муундарга үлгү болуп кала берет, деген ишенимин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×