Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.10.2014 14:45

Ак-Суудагы «Шахта-Жыргалаң» ишканасынын өндүрүшү ноябрь айында башталаары пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Шахта-Жыргалаң» АК ишканасынын өндүрүшү ушул жылдын ноябрь айында башталары пландалууда. Бул тууралуу облустун 9 айлык жыйынтыгы боюнча отчетто камтылган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, учурда Шахта-Жыргалаң жана Fairnesscompany субъектилеринин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Шахта-Жыргалаң ишканасынын өндүрүштүк линиясын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Учурда шахтыны калыбына келтирүүгө багытталган 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат өздөштүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×