Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.10.2014 16:33

Ак-Суунун Тепке айылында сугат суунун жоктугунан дыйкандар 200 га жердентүшүм албай калышкан

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылында сугат суунун жоктугунан дыйкандар 200 гектар жердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүм албай калышкан. Бул тууралуу Тепке айылынын тургундары маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, райондук сугат башкармалыгынын жоопкерсиздигинен айыл аймагындагы 200 га жердеги эгин, картошкаларга суу барбай эл эмгек кылып, айдап алган айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүм албай калышкан. Ал сугат жерлерге суу кетүүчү канал тазаланбай арыктарга суу барбай калган.

Жергиликтүү калктын жардам сурап кайрылуусуна суу чарба жетекчилиги тарабынан тоотпостук, көңүл коштук кылып койгон. Соляркага акча бергиле деп ар кайсы шылтоолорду айтып, Жыргалаң суусунда суу аз деп ар кайсы шылтоолорду айтып жатып, октябрда баары кургап, соолуп калгандан кийин каналды тазалашты.

Натыйжада дыйкандар килограммын 24 сомдон алган картошкасынан дээрлик түшүм алган эмес. «5 кап картошка айдаган дыйкан 5 чака картошка казып алды. Эгинден да жарытылуу түшүм алынган жок. Ал эми ошол эле каналдын үстүндөгү колунда бийлиги бар, депутат болуп жүргөн аттуу-баштуу аткаминерлердин жери үч жолу сугарылды. Түшүмдү да жакшы алышты», - дейт айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×