Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2014 13:45

Ак-Суунун Маман айылындагы Ашубаев мектебинин директору А.Калчаева «Жылдын мыкты директору» деп табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын Ашубаев атындагы мектептин директору Алтынгүл Калчаева «Жылдын мыкты директору» наамын алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалым болгондой, А.Калчаева райондогу мектептердин арасындагы сынактын жыйынтыгы менен «Мыкты директор» наамын алды.

Маалым болгондой, ал 26 жылдан бери мектепте мугалим болуп эмгектенип келет.

Ал эми, директор болуп 12 жылдан бери иштейт.

«Бул алган наамым жеке эле менин эмгегим эмес, жалпы мугалимдер жамаатынын ийгилиги деп эсептейм», - дейт А.Калчаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×