Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.09.2014 17:32

Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы тигүү цехи 22 миң долларга жабдылды

Turmush -  Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылындагы «Айко-Сейко» ЖЧКсынын тигүү цехине заманбап жабдуулар орнотулган. Бул тууралуу Жаңы–Арык айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тигүү цехинин артыкчылыгы анын эксперименталдык цехи бар. Жаңы тигилип жаткан кийимдер өндүрүшкө киргизиле электе дыкат текшерүүдөн өткөрүлөт.

Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы «Айко-Сейко» ЖЧКнын тигүү цехи ушул жылы жаңы импорттук жабдуулары менен камсыздалды. Жабдууларды ташып жеткирүү жана орнотуу жумуштарын эсепке алганда 22 миң 585 долларга сатылып алынган. «Айко-Сейко» ЖЧКсынын салымы 28%ды түзгөн же 8 миң 830 долларга барабар.

Бул өндүрүштөн даярдалган жумушчулар үчүн атайын кийимдерге болгон суроо-талап чоң. Ошондон улам цехтин өндүргөн продукциясы Казакстанга импортко кетет, Кыргызстандагы «Кумтөр» кен ишканасына жана бир катар эл аралык уюмдарга жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×