Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.09.2014 13:56

Ак-Суу районунун Маман айылында дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 20 центнерден айланууда

Turmush -  Ак-Суу районунун Маман айылында дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына жалпысынан 20 центнерден айланууда. Бул тууралуу Маман айылынын тургундары билдиришти, дейт аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, дан эгиндеринен алынган түшүм 20 центнерден айланууда. Жогорку сорттогу үрөн себилген, сугаты жетиштүү болгон күздүк аянттарда ар гектардан 30 центнерден дан алгандар бар.

«Биздин айылдык ишкерлер жаӊы комбайн сатып алышкан. Жаӊынын иши жаӊы да. Буудай, арпа калтырылбай таза чабылып, жоготуу жок. Учурда айылдагы оруп-жыюу аяктап калды. Эл эми картошкасын каза баштады», - дешет айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×