Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.09.2014 16:43

Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл өкмөтүндө картошканы кайра иштетүүчү цех ачылат

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүндө картошканы кайра иштетүүчү 2 цех ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Талапкер Жакупов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Т.Жакуповдун айтымында, бири картошкадан крахмаль жасоо цехи, экинчиси чипс чыгаруучу цех болот. «Айыл өкмөттө негизинен картошка көп айдалат. Ошол үчүн мындай цех ачуу жакшы пайда алып келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×