Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.08.2014 12:14

Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында «Кыргыз айылы» аталышындагы эл аралык фестиваль өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айыл аймагындагы «Алтын-Булак» эс алуу жайынын базасында 27-июлда «Кыргыз айылы» аталышындагы эларалык фестиваль өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Эльфия» кол өнөрчүлүк борборунун демилгеси менен уюштурулган фестивалдын чакырыгы «Ынтымактуу эл – ырааттуу өнүгүүдөгү өлкө» деп аталып, «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылы» болгон 2014-жылдагы негизги иш-чаралардын бири болду.

Фестивалга Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарынын «JICA» уюму өндөнгөн кол өнөрчүлөрү катышып, эмгектерин чет элдик туристтерге, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген меймандарга көрсөтө алышты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ар кайсы доорду чагылдырган боз үйлөргө саякат жасалып, кыргыз турмушун чагылдырган маданияты, жасалгасы, 116 түрлүү улуттук тамак-ашы менен таанышуу, «Манас» эпосунан үзүндүлөр, тарыхтан баян кылган Ысык-Көлдүн 7 акесинин образы, уздардын кол эмгегинен чыккан түркүн кийиз, шырдактар, ар кандай буюм-тайым сувенирлер көргөзмөгө коюлуп, жасоо ыкмалары боюнча мастер-класс өтүлүп, жарманке уюштурулду.

Меймандардын урматына эки айыл аймактын тургундарынын катышуусунда сармерден оюн-зоок концерттик программасы тартууланды. Иш-чаранын аягында «беш таш», «канталамай», «акчөлмөк» сыяктуу улуттук оюндар ойнолду.

55

53

54

52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×