Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.07.2014 17:59

Ак-Суу райондук ооруканасынын жетекчисине жазылган арыздын негизинде атайын облустук комиссия түзүлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундук ооруканасынын кызматкерлери өздөрүнүн жетекчисинин ишине нааразы болушуп, анын кызматтан кетишин талап кылышууда,- деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага ылайык, облустук комиссия түзүлүп, ишти текшерүүгө алышты. Анын жыйынтыгында чогулуш өткөрүлдү. Ага дарыгерлер, эл өкүлдөрү, Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов катышышты.

Жыйында дарыгерлер 18 мисалдын негизинде жетекчинин иштен кетүүсүн талап кылып жаткандыгын билдиришти. Анда негизинен айлыкка кошумча каражаттын кыскаргандыгы, Н. Малабашев, К. Кадыров, А. Кадыралиева өндүү кесипкөй адистердин иштен чектетилгендиги, ишке жетекчи өз кишилерин алып жаткандыгы, жаматтын макулдугу жок камералардын орнотулушу, гинекология, лабораторияларды жабам деп жетекчинин дайым коркуткандыгы жана ооруканага тиешелүү балатыларды сатып салган, делген мисалдарды келтирүүнүн негизинде медкызматкерлер арыз жазышкан.

«Директор Эменаман Абдыканов 16- июнда отпускага чыккан. Андай учурда мен деректордун убактылуу милдетин аткаруучу болушум керек. Бирок, ал кааласа келет, кааласа кетет. Баардык документтерге кол коет. Бул КРдин мыйзамына дал келбейт. Ал бөлмөлөргө эч кимдин макулдугу жок камера койду. Ал менен дайым иштегендерди тартып прокуратурага өткөрөм деп коркутат»,- дейт оорукананын жетекчисинин орун басары Роза Түнгатарова.

Ал эми Ак- Суу районун акими Жолдошбек Байсеитов ак халатчандарды ынтымакка чакырып өттү. «Бул жерде бир тарап, моюн сунуп кечирим сураш керек. Бул оорукана республикада алдынкы орунда турат», - деди аким.

Айта кетсек оорукана кызматкерлери Саламаттык сактоо министри, анын областагы координатору, райадминистрацияга, профсоюздар жетекчисине жазган арызы менен 2014- жылдын 18- июлунда коммисия түзүлгөн.

Жыйындын жыйынтыгында түзүлгөн протокол Саламаттыкты сактоо министирлигине жөнөтүлүп, чечим кабыл алынарын аталган министирликтин облустагы кординатору билдирди. Бирок, райондук ооруканасынын кызматкерлери жетекчиси Эсенаман Абдыканов менен иштей албастыгын билдиришип, тез чара көрүүнү өтүнүштү.

Тема боюнча: Ак-Суу районундук ооруканасынын кызматкерлери жетекчинин ишине нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышууда

SAM_5512

SAM_5515

SAM_5519

SAM_5526

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×