Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.06.2014 17:48

Ак-Суунун Ак-Чий айыл аймагында ички жолдорду оӊдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө ылайыктуу трактор сатылып алынды

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагында ички жолдорду оӊдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө ылайыктуу трактор сатып алынды. Бул тууралуу Ак-Чий айыл округунан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка таянсак, Ак-Чий айыл өкмөтүнө үч айыл кирет. Ал аймакта жол маселеси курч турат. Айылдардын ички жолдору 18 жылдан бери оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек.

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, ички жолдордун узундугу 23 чакырым. Жергиликтүү тургундар жолдун абалынын начардыгына дайыма нааразычылык билдиришет. Жол азабынан райондун борборунан жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автоунаалар көп каттай албайт.

Ошол себептен айылдыктар швейцариялык эл аралык уюмга долбоор жазышкан. Долбоордун жалпы суммасы 2 млн 400 миӊ сом. Бул каражаттын 1млн сому долбоордун алкагында бөлүндү. Ал каражатка бөлүнгөн 1 млн сомдук сертификат «Жарандардын үнү жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс» долбоорунун атынан Бишкек шаарында расмий тапшырылды. 1 млн 350 миӊ сому Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Калган 42 миӊ сом жергиликтүү калк кошту, 8 миӊ сомун айыл өкмөтү берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×