Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.06.2014 09:06

Түштүк Кореянын инвесторлору Ак-Суу районуна тоо лыжа базасын курууну каалашууда

Turmush -  Ак-Суу районундагы кышкы туризм райондун бюджетине чоң салым кошууда. Бул тууралуу Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов билдирди.

Анын айтуусунда облустагы туруксуз абалдан улам тоо лыжа базасын курууну каалаган инвесторлор келбей жатышат.

Райондун башчысы билдиргендей, ар бир жылы районго Кереге-Таш айылына тоо лыжа базасын курууга кызыктар инвесторлор келишет.

«Бирок, туруксуз кырдаал аларды качырууда. Түштүк Кореядан инвесторлор келишкен, алар тоо лыжа базасын курууну абдан каалашкан. Бирок, ар бир жыл сайын бизде митингдер өтүүдө, бул алар үчүн жагымсыз болууда», - деди ал.

Ж.Байсейитов кошумчалагандай, эгерде тоо лыжа базасы курулса, анда жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыз болушат жана кыш убактысында туристтердин келиши дагы жогорулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×