Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.05.2014 18:38

Ак-Суу районунда кара тумоо илдет менен күрөшүү жолдору көрсөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 27-майда Ак-Суу районунун базасында «А-20 формасындагы илдет пайда болгон учурда башкаруу органдарынын жана жарандык коргоонун медициналык кызматынын иш-аракеттери» темасында республикалык көрсөтмө окуу-машыгуусу өтүп, иш-чарага райондогу бардык мекеме, уюм, ишканалардын жарандык коргонуу боюнча түзүлгөн командалары катышты.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын август айында Ак-Суу районунда «А-20», тактап айтканда, кара тумоо оорусунун бубондук (колтук, чурай бездеринин сезгенүүсү) түрү кездешип, анда «Сары-Жаз» өрөөнүндө ата-энесине мал багууга жардамга барган 14 жаштагы Т.И. аттуу улан медициналык мекемеге өтө кеч кайрылгандыктан улам, каза болгон.

Андан бери жергиликтүү бийликтер, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин күч-аракеттери аркылуу аталган илдеттин алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында кыйла иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү көрсөтмөлүү окуу-машыгуусунда Талас, Нарын жана Чүй облустарынан, Ысык-Көл облусунун бардык район-шаарларынан келген медицина мекемелеринин жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун өкүлдөрүнө бул коркунучтуу илдетти кандайча алдын-алуу керектиги, ошондой эле ал кездешкен учурда кандайча аракеттенүү зарылдыгы адистер тарабынан теориялык жактан айтылып, райондук-аймактык ооруканада иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Маанилүү иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулар департаментинин директору Н.Үсөнбаев, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча республикалык борбордун бөлүм башчысы А.Ибраев, КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Жаныбеков, Ак-Суу районунун акими Ж.Байсеитов катышып, күн тартибиндеги маселе боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрыкча кара тумоонун табигый очоктору жайгашкан Нарын жана Талас облустарынын өкүлдөрү анын уюштуруучуларына арбын суроолорду беришип, бардыгына ынанымдуу жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×