Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.05.2014 13:01

Ак-Суу районунда гандбол боюнча мелдештин жеӊүүчүлөрү республикалык мелдешке жолдомо алышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда гандбол боюнча мелдештин жеӊүүчүлөрү республикалык мелдешке жолдомо алышты. Бул тууралуу «Сабыр-Ата» коомунан маалымдашкандыгын аймактык кабарчы билдирет.

Ак-Суу районунда «Сабыр-Ата» коому тарабынан жылда өткөрүлүп келген турнир гандбол, шахмат, теннис оюндары боюнча өткөрүлдү. Эки күн созулган спорт оюндарында гандбол боюнча мелдештер өзгөчө курч өтүп, натыйжада Маман айылынын курама командасы биринчиликти ээледи. 1-орунду алган Маман командасы 20 миӊ сом байге алышты.

Байгени жеӊүүчүлөргө тапшырган ЖК депутаты Максат Сабиров, эми бул команда гандбол боюнча республикалык мелдешке бара тургандыгын айтып, райондон барган курама команда биринчиликти алса деген каалоо-тилегин билдирди. Бул күнү шахмат жана тенис оюндарында жеӊген спортчулар да акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×