Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.05.2014 13:23

Ак-Суу районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өткөрүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы 25 мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланган «Кыялкеч» бала бакчасында кол өнөрчүлүк көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү, деп билдирди бакчанын жетекчиси Жылдыз Искакова аймактык кабарчыга.

Көргөзмө-жарманкеге облустук билим берүү институтунун усулчулары, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектептин директорлору, мугалимдери, бала-бакчалардын тарбиячылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бөбөктөрдүн колунан жасалган буюмдардын, өздөрү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү болду. Бала бакчанын тарбиялануучулары меймандарга чакан концертин тартуулап, ыр бийге болгон өнөрлөрүн көрсөтүштү.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр эс тутуму жагынан начарыраак келгени менен ыр-бийге, сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө жөндөмдүү келишет. Биздин балдарга колдоо көрсөтүп келишкен жетекчилерге ыраазыбыз. Мындан ары да алардын жардамын күтөбүз. Район борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборунун курулушу жүрүп жатат. Ошого жардам бергендер болсо деп үмүт кылуудабыз», - дейт бала бакчанын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×