Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.05.2014 15:03

Ак-Суу районунда Чоюке манасчынын коомдук фонду түзүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунда Чоюке манасчынын коомдук фонду түзүлдү, - деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Суу районундагы коомдук фондунун уюштуруучулары билдиргендей, фонддун түзүүчүлөрү жеке тараптар болуп эсептелет. Фонд мөөнөтсүз убакытка уюштурулуп, Каракол шаарында мындан аркы ишин улантат. Быйылкы күздө болсо Чоюке манасчынын 120 жылдык мааракеси республиканын коомчулугу тарабынан белгиленет. Азыркы күндө даярдык иштери колго алынып жатат.

Чоюке манасчы туулуп-өскөн жана сөөгү берилген Үч-Кайнар айылына 1 гектар бак, ал эми Ак-Суу аймагы боюнча 5 гектар, анын ичинде Теплоключенко айылынын кире беришине 3 гектар бак быйылкы жазда отургузулду.

Жаӊыдан уюштурулган фонд өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте Манасчылар музейин ачууну көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×