Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.04.2014 17:55

Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында Манас багы түптөлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына арналып Манас багы түптөлдү. Бул тууралуу кечээ, 21-апрелде Караколдон Айзат Анарбекова маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылына кире бериш жердеги аянтка Манас багы түптөлүп, ал ушул аймакта жашап өткөн белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына арналды.

Жаӊыдан түптөлүп жаткан Манас паркына 2 миң түп ар кандай бактардын ийне жалбырактуу жана башка түрлөрү отургузулду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жерге манасчыларга арналып, ташбелги коюлуп, келечекте эстелик тургузулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×