Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.03.2014 17:35

Ак-Суу районунда Өнүктүрүү фондунун эсебинен 6 муниципалдык ишкана ишке берилди

Turmush -  Ак-Суу районуна Өнүктүрүү фонддон 2 млн 805 миң сом каралган. Ага 6 муниципалдык ишкана ишке берилди. Бул тууралуу фонддон маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ново-Вознесеновка айылына муниципалдык пескоблок чыгаруучу цех түзүүгө 450 миң сом, Ак-Булуң айылына муниципалдык нан бышыруучу цех курууга 460 миң сом, Отрадный айылына муниципалдык дан тазалоочу агрегат алууга 700 миң сом, Отрадный айыл өкмөтүнө муниципалдык ТТС курууга 350 миң сом, Каракол айыл өкмөтүнө муниципалдык купка курууга 350 миң сом, Каракол айыл өкмөтүнө муниципалдык ТТС курууга 495 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×