Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.03.2014 11:43

Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүндө айыл чарба техникаларын алуу боюнча долбоорлор жазылып жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү саясат институтунун каржылоосу менен болжонгон 51 биргелешкен иш-чаранын 12си аткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү органдардын билимин жогорулатуу боюнча окууда айтылды.

Аймактык кабарчыбилдиргендей, биргелешкен иш-чаранын негизинде 2014-жылы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү долбоор жазышып, айыл муктаждыктарына атайын техникаларды алууну көздөшүүдө. Бул максатка аталган институт тарабынан 1 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом бөлүнгөн. Айыл өкмөтү 350 миӊ сом бөлдү.

Республикалык өнүктүрүү институту тарабынан уюштурулган окутуулар облустун бардык айыл өкмөттөрүндө болот. Долбоор 2011-жылдан 2014-жылга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×