Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.09.2019 12:58

Ак-Суунун Теплоключенка айылында эс алуу багы ишке берилди

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында эс алуу багы ишке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, эс алуу багын ачууга 1,5 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

«Бизде бир эле парк бар. Ал жакта эс алып, көңүл ачууга шарттар жок. Жаштардын демилгесин колдоо үчүн айыл өкмөт 160 миң сом каражат бөлүп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 400 миң сом берилди. Эми бөбөктөр ойноочу аттракциондорду орнотобуз. Андан түшкөн каражатка видео байкоо камераларын коёбуз. Бул эс алуу жайы айылдын жаштары үчүн кызмат кылышын камсыз кылабыз», - дейт парктын директору Талант Имашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×