Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.08.2019 14:14

Ак-Сууда аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 82 балага окуу куралдары берилди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 82 балага окуу куралдары жана сумка берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жардам жергиликтүү бийлик тарабынан демөөрчүлөрдүн колдоосу менен көрсөтүлдү.

«Жаңы окуу жылынын башталышына аз эле күндөр калды. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү бөбөктөр дагы мектепке барышы керек. Аларга мектеп куралдарын алып берүү үчүн жеке ишкер Жамиля Садыгалиевага жардам сурап кайрылдык. Ал биздин демилгени колдоп, 82 балага мектепке керектүү куралдарды жана сумкаларды алып берди», - дейт Ак-Суу районунун акиминин орун басары Гүлзат Суранчиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×