Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.08.2019 09:25

Ак-Сууда эки күн, эки түн «Манас» айтып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы жана манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Кереге-Таш айылында Кыдыр акенин конушунда өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, манасчылар, жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чаранын алкагында манасчылар эки күн, эки түн «Манас» эпосунан үзүндү айтып жатышат. Ошондой эле манасчы Саякбай Каралаев тууралуу көркөм тасма көрсөтүлүп, улуттук ат оюндар уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×