Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.08.2019 08:56

Каракол шаарынан Ак-Суу районунун кире беришине чейинки жолдогу таштандылар тазаланды

Turmush -  Каракол шаарынан Ак-Суу районунун кире беришине чейинки жолдогу таштандылар тазаланды. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Аскат Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара райондуктарды тазалыкка үндөп, келген туристтерге жакшы таасир калтыруу максатында уюштурулду.

«Каракол шаарынан Ак-Суу районунун кире беришине чейинки жолдогу таштандылар алынды. Мамлекеттик маанидеги жолго көңүл буруу керек. «Ак-Суу» курортуна жана Жыргалаң тоолоруна туристтер көп келет», - деди Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×