Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.08.2019 17:38 На русском

Подполковник Улан Канаев Ак-Суу РИИБдин башчысы болду (өмүр баяны)

Начальник ОВД Ак-Суйского района Улан Канаев
Начальник ОВД Ак-Суйского района Улан Канаев

Turmush -  Канаев Улан Кубанычбекович Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Улан Канаев буга чейин Каракол ШИИБдин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Бүгүн, 26-августта жаңы жетекчини жамаатка Ак-Суу районунун акими Акылбек Тюкебаев тааныштырды.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Канаев Улан Кубанычбекович

Туулган жылы: 1979-жыл

Туулган жери: Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылы

Билими:

- 1997-2002-жылдары КРнын ИИМ Академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

- 2002-2003-жылдары — Ак-Суу РИИБдин ыкчам кызматкери;

- 2003-2004-жылдары — Боз-Учук аймактык милиция бөлүмүндө ыкчам кызматкер;

- 2004-2007-жылдары — Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө ага ыкчам кызматкер;

- 2007-жылы Тоң РИИБдин ыкчам чара көрүү кызматынын башчысы;

- 2007-2009-жылдары — Каракол ШИИБдин ыкчам чара көрүү кызматынын кызматкери;

- 2009-2011-жылдары — Каракол ШИИБдин ага ыкчам кызматкери;

- 2011-2012-жылдары — Ысык-Көл ОИИБдин ага ыкчам кызматкери;

- 2012-2016-жылдары — Бишкек ШИИБде ага ыкчам кызматкер, ушул эле жылдары ИИМде да иштеген;

- 2016-2017-жылдары — Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары;

- 2017-жылдан тарта Каракол ШИИБдин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, милициянын подполковниги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×