Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.08.2019 22:42 На русском

Тепкенин тургундары айылды жарыктандырышты. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Тепке айылынын бардык көчөлөрү жарыктандырылды.

«Жарык айыл» долбоору жаштар кеңешинин демилгеси жана айылдагы жаштардын колдоосу менен ишке ашырылды. Айылдыктардын айтымында, Тепке бардык көчөлөрү жана спорттук аянтчасы жарыктандырылгандыгы боюнча Ысык-Көл облусундагы жалгыз айыл.

Тепке айылынын жашоочулары ортого каражат чогултуп, электр энергиясын үнөмдөй турган жарык диоддук чырактарды орнотушкан. Эми жакында алар айылдын ичиндеги жолдорду жана электр көмөк чордондорун оңдоо үчүн каражат чогултканы жатышат. Бул жумуштар жергиликтүү бийликтин көмөгүсүз ишке ашып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×