Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.08.2019 19:39

Ак-Суунун алыскы Жыргалаң айылында жайкы фестиваль өтөт

Жыргалаң
Жыргалаң

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында 24-августта жайкы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына жана шахтёрлор күнүнө карата уюштурулат.

«Биздин айыл тоо туризмди өнүктүрүү багытына бет алды. Чет элдик эс алуучуларды тартуу максатында кышында жана жайында фестиваль уюштуруп келебиз. Бул фестивалда тоого 21 чакырым жөө басып, жарышуу жана веложүрүш өткөрүлөт», - дейт Жыргалаң айыл аймагынын башчысы Талгат Мукалаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×