Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.08.2019 13:34

Жайлоодогу малчылар кардан улам жабылып калган жолдун ачылышын күтүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунда 17-19-август күндөрү жааган кардан улам жабылып калган Кайыңды жайлоосуна кетчү жол ачыла элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар жайлоодогу малчыларга азык-түлүк жеткире албай жатышат.

«Куйулма — ак топурактуу жер. Тынбай жааган кардан улам жол жабылып калды. Мурда өзүбүз тазалап алчу элек. Бул жолу жолду ачуу үчүн техника керек болуп жатат. Мындан улам малчыларга азык-түлүк жеткирип бере албай жатабыз. Буга чейин жайлоодогу малчылар менен байланыш жок болуп жаткан. Учурда телефондор иштеп, байланышка чыгышты. Жайлоодо 20-августта күн ачылганын билдиришти», - дешти алар.

Ошондой эле алар акимиаттан 21-августта техника жиберилип, жолду тазалап беришерин айтышканын жана учурда аны күтүп жатышканын кошумчалашты.

Кайыңды жайлоосу Эңилчек айылынан 50 чакырым алыста жайгашкан. Ал жерде 26 үй-бүлө мал багат.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаагандыгы маалымдалган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×